Арзыбек Бурканов премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан кетти

Иллюстративдик сүрөт

Арзыбек Бурканов премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулду.Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 4-майда кол койгонун министрлер кабинетинен кабарлашты.

Буркановдун эмненин негизинде кызматтан кеткенин өкмөт ачыактаган жок.

53 жаштагы Арзыбек Бурканов Жогорку Кеңештин экс-депутаты (2005-2007-жылдары — ред.). 2011-2012-жылдары Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Анын атын буга чейин президент Садыр Жапаров маектеринин биринде атаган. Анда журналист Алмаз Касымалиев «Буркановду кадр саясатына түздөн-түз кийлигишкен, таасир эткен, көп маселени чечкен киши катары айтып жатышканына эмне дейсиз?» деп суроо узаткан. Жапаров муну төгүнгө чыгарып, кадр маселесин өзү чечип жатканына билдирген болчу.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо