Садыр Жапаров: жаңы Конституция учурдун талабына жооп берет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Анда өлкөнүн эгемен тарыхында Баш мыйзам бир канча жолу өзгөргөнүн, жаңы Конституция учурдун талабына жооп берерин белгиледи.

“Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган. Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем». 

Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасайт. Ииш-чарага бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы  30-апрелде Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын бекиткен.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо