Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

Кыргызстанда Конституция жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кол койду.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекет башчы Баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасоодо. Иш-чарага өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Мындан сырткары мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү — Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өкмөт, коомдук ишмерлер бар. Буга чейин президенттин маалымат кызматы эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калып жатканына байланыштуу чакырылган коноктор ПЦР-анализ тапшырышканын билдирген.

Эске салалы: Баш мыйзамдын жаңы редакциясы ушул жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүү -ред.) кабыл алынган. Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышып, алардын 79%дан ашыгы Конституциянын жаңы долбоорун колдогон жана Кыргызстанда президенттик башкаруу болушун каалаган.

Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент тарабынан кабыл алган. 5-май календарда кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп саналат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо