ТИМ «Тажикстанда этникалык кыргыздар чыгарылууда» деген маалымат боюнча үн катты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстанда убактылуу, же такай жашап жүргөн, кыргыз паспорту бар жарандардын чыгарылып жатканы » деген маалымат боюнча үн катты.

«Кыргыз жарандарын депортациялоо боюнча факты бизге маалым. Лахш (мурдагы Жерге-Тал) районунда күтүүсүз текшерүүлөр тууралуу алгачкы маалымат түшкөндөн тартып Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвада 1-апрелде тажик кесиптеши менен жолукканда буга байланыштуу камтамачылык билдиргени белгиленген. Аталган маселени эки өлкөнүн министрлери талкуулап жатат. Андан сырткары Бишкек Дүйшөмбүгө маселени чечүү үчүн жакынкы күндөрү министрликтер аралык кеңешме өткөрүүнү сунуштаган.

4-майда айрым жергиликтүү басылмалар Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган кыргыз паспорту бар тургундарды депортациялай баштады деп жазышкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо