Жапаров эң оор экономикалык кырдаалда президент болгонун айтты

Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров азыркыдай экономикалык оор кырдаал, кризистик жагдай өзүнө чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эместигин айтты. Ал Кыргызстандын казынасын 20 миллиард дефицити менен өткөрүп алганын 5-майда элге жасаган кайрылуусунда билдирди.

«Анысы аз келгенсип, пандемиянын кесепетинен соода-сатык токтоп турат. Мен өткөндү айтып, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Даанышман элибиз кимдин-ким экенин ансыз да билет».

Ошондой эле Жапаров каатчылыктан чыгуу жолдоруна токтолду. Ал экономикалык реформаларды жүргүзүп, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтүүгө убада берди.

“Баарын камтыган элемент катары санариптештирүүнү жүзөгө ашырабыз. Биринчиден, биз бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. С ебепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз. Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат. Биз мамлекеттик — жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз!”.

Жапаров бул кайрылуунун алдында жарандар, экономика тармактарындагы адистер, ардагерлер менен ондогон жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи. .

Т-медиа
Автор Т-медиа 4892 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо