Ош: Кара-Суунун эки айылынын тургундары жер талашып чырдашты

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылы менен Папан айылынын тургундары жер талашып чырдашып жатат. 6-майда Дыйкан-Кыштак айылына райондук соттун өкүлдөрү келип, турак-жайлардын бирин бузууга аракет кылганда тургундар каршылык көрсөттү. 

Айыл жашоочулары ортосунда талашка түшкөн жер Төлөйкөндө жайгашкан. Эки гектардан ашык үлүш жерди Дыйкан-Кыштак айылынын 11 тургуну айыл өкмөттүн мурдагы башчысынан сатып алганын билдирди. Ал эми Папандан келген ондон ашуун үй-бүлө жер илгертеден эле аларга караштуу экенин айтууда. 

“Бул жерди 2003-жылдары биздин айыл өкмөт  Төлөйкөн айыл өкмөтүнө Папан элинин атынан арендага берип турган. Анда адамдардын саны өскөндө кайра элге өткөрүп бермек болгон. Бирок кийин ошол ижарага берилген жер сатылып кетиптир”-дейт Папан айылынын тургуну. 

Бүгүн Дыйкан-Кыштак айылындагы аталган чырдуу жердеги турак-жайлардын бирин сүрдүрүү үчүн Кара-Суу райондук сотунун кызматкерлери барган. Бирок «үй ээлерибиз» деген ондон ашуун адам үй бузууга келген техниканы көздөй таш ыргытып, курулуштун бузулушуна каршы чыгышты. Райондук соттун өкүлдөрү сүрдүрүлүшү керек болгон үй аларга тиешеси жок экенин айтууда.

«Бул үй сот тарабынан өз билемдик менен мыйзамсыз курулган деп табылган. Мындан улам «бузулуп, калыбына келтирилсин» деген соттун чечими чыккан. Биз ошол чечимди аткарганы, үйдү бузуу үчүн келгенбиз. Азыр бул черге нааразычылыкка чыккан тургундардын үйүнө тиешеси жок»-дейт сот кызматкерлери.

Буга чейин айылда талаш болуп жаткан сугат жерге тургундар там салып алышканы белгиленип, эки тарап соттошкон. Соттун чечими менен жер үлүш ээлерине кайтарылышы керек болгон. Ошондой эле Төлөйкөн жана Папан айыл аймактарынан мурдагы жетекчилери сот жообуна тартылып, келтирилген зыянды төлөп берүү милдети менен эркиндикке чыгарылган.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 405 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо