«Добуш сатылды». «Бир Бол» партиясы Оштогу шайлоого байланыштуу БШКга арыз жазды

“Бир Бол” Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо 20га жакын шайлоо тилкелериндеги жыйынтыкты жокко чыгарууну суранып Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу «Т-Медиага» аталган партиянын өкүлү Эсенбек Арзиев билдирди.

Анын айтымында, партиянын өкүлдөрү 11-апрелде шайлоо өткөндөн кийин эле Ош аймактык шайлоо комиссиясына арыз жазган. АШК 21-апрелде «Даттанууларга негиз жок. Эл өз тандоосун жүргүздү» деп чечим чыгарган. Бирок партия көрсөткөн фактыларга толук көңүл бурулбаганын айтууда. Мындан улам алар 26-апрелде арыз менен БШКга кайрылган.

Эсенбек Арзиев Оштогу №5275, 5300, 5305, 5311, 5551, 5281, 5913, 5276, 5283, 5288, 5295, 5310, 5326, 5353, 5554, 5559, 5905 тилкелердеги шайлоо добуш сатып алуу, админресурс колдонуу менен коштолгонун жүйө келтирди.

«Шайлоого чейин БШКнын төрайымы Ошко келген. Ошондо алты партия өкүлдөрү бул жолку шайлоо таза өтпөсүн айтканбыз. Анткени «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесине жалаң «Биримдиктин», «Мекеним Кыргызстандын» акчалуу талапкерлери топтолуп алганын эскерткенбиз. Чынында эле биз айткандай болду. Мисалы, бир эле шайлоо участкасынан ошол эле «Ата-Журт Кыргызстан» 900 добуш алса, буга чейин аты чыккан башка партиялар алты же тогуз эле добуш алган. Буга ким ишенет? Бул жерде добуш сатып алуу менен административдик ресурс чоң роль ойногон. Ошонун баарын негиз кылып шайлоо өткөндөн кийин Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылганбыз. Алар даттанууларга негиз жок. Эл өз тандоосун жүргүздү» деген жүйө менен шайлоо таза өткөнүн жарыялады. АШК «Мыйзам бузуу катталган шайлоо участкаларына чара көрдүк. Жетекчисин жумуштан алдык» дейт. Маселе аны менен чечилбейт да».

БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов арыз түшкөнүн тастыктады.

«Партиялардан арыз 12-апрелден бери түшүп атат. Аймактык шайлоо комиссияларында каралды. Кээ бирине чечим чыкты. Калгандарын БШКнын жумушчу тобу карап жатат». 

БШКнын сайтындагы даттануулар катталган реестрден “Бир Болдун” жана башка партиялардын арызын тапкан жокпуз.

Эске салалы: 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүү болгон. Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып, жети пайыздык босогодон төртөө өткөн. Алар: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги”, “Ынтымак”, “Ыйман-Нуру”.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрү «TMG» телеканалынын түз эфирине келип, кайра шайлоо дайындоо боюнча БШК менен бийликке кайрылышкан.

Алар Оштогу шайлоо «эң ыплас» өткөнүн белгилешип, ага тийиштүү органдар көңүл бурбай койгонуна нааразы болушкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5130 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо