Медицина кызматкерлери жаңы маянага нааразы болушууда

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда иштеген медицина кызматкерлери апрелден баштап айлыктары азайып кеткенине нааразы болуп жатышат. Айрымдар эмгек акысы мурдагы айлардан 5000-6000 сомго кемип кеткенин белгилешүүдө.

Ош шаарындагы №1 бейтапканада иштеген Айнуска Айдарали кызы буга чейин 15 миң сомдон ашык маяна алып келсе, акыркы жолу 10 миң сом алганын айтат.

«Мурун айлыктарыбыз индикатор менен эсептелчү да. Ошол система бизге жакшы  болчу экен. Азыр негизги маянабыз беш миң, 100% кошулганда 10 миң сом эле болуп калды да». 

Кыргызстанда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда иштегендердин айлыгы 100% көтөрүлгөнүн президент Садыр Жапаров 9-апрелде жарыя кылган. Ага ылайык, 1-апрелден баштап үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100% көбөйтүлгөн. Ошол эле маалда индикаторлор менен төлөнчү эмгек акы алынып салынган.

Ош облустук саламаттыкты сактоо координаторунун орун басары Шарапат Кожобекова айлыктын азайышынын чоо-жайын «Т-Медиага» минтип түшүндүрүп берди:

«1-апрелден баштап үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100% көбөйтүлдү. Мисал кылып айтсам, эгер алардын базалык маянасы 5000 сом болсо, эми 10 000 сом болду. Ошол эле учурда индикаторлор менен төлөнчү эмгек акы алып салынды. Азыр баары алып бүтүштү. Анча-мынчасы нааразы болуп аткандыр. Бирок көпчүлүгү ыраазы эле болуп атышат». 

Белгилей кетчү жагдай, учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысын баалоо тартиби да өзгөргөн. Буга чейин алардын маянасы 12 индикатордун негизинде эсептелип, топтогон баллына жараша айлык акы алышчу. Азыр эми кайра мурдагыдай базалык маяна чегерилүүдө.

Индикатор кантип аныкталат? 

Индикаторлор – бул медиктерге түрдүү бейтаптарды кабыл алганы үчүн берилип келген кошумча төлөмдөр. Бул ыкма медицина кызматкерлеринин жумушунун жыйынтыгынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Индикатор системасы эки жыл мурда киргизилген, анда дарыгерлер аны жоюу талабы менен митингдерди өткөрүшкөн.

Милдеттүү камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы Алтынбек Зулпукаров айлыктын суммасы калып, кошумча эмгек акы (12 индикатор) алып салынганын мындай чечмеледи.

«Азыр «маянада чоң сумма айырма болуп атат» деп баса белгилегенге болбой калат. Себеби индикатор ар айда ар кандай болуп аткан. Кээ бирде 12 индикаторду 100% толтургандардын айлыгы 19 миң сомго чейин чыгып кетип аткан. Ал эми толтура албай калгандарга аз чыкчу. Базалык айлык ал маалда 5 миң эле болчу да. Андан тышкары үй-бүлөлүк дарыгерлерге кошумча төлөмдү да алып салган болчу. Бир чети базалык маянаны көбөйтүп, индикаторду жок кылганы жакшы. Индикатор кээде бар болуп калат, кээде жок дегендей. Министрлик, өкмөт жөндөн-жөн эле жок кылбады болсо керек. Себеби индикаторго кирбей калган оорулуулар каралбай калышы мүмкүн», -дейт Зулпукаров.

Өкмөт медицина кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу боюнча токтомду ушул жылдын 8-апрелинде кабыл алган. Маяналардын көтөрүлүшү менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 2021-жылга кошумча 1 миллиард 612 миллион сом керектелет.

Өлкөдө 49 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. Андан тышкары 17 көз карандысыз үй-бүлөлүк топтор бар.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5128 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо