Кара-Кулжада 160га жакын үйдү суу каптады

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Жаандын кесепетинен 8-майдын кечинде Кара-Кулжа районундагы Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарында сел жүрүп, 158 турак-жайдын короосун суу каптады. Мындан тышкары унаа жолдор жана электр мамычалары жараксыз абалга келген. Бул тууралуу 10-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ак-Кыя айылында 47 үй селден жабыркап, 450 метр унаа жолу жараксыз абалга келди. Ошондой эле Сары-Булак айылында “Жаңы-Моңол” каналы кумга толгондуктан суу ашып, бир мектеп, мечит, бала бакча, 102 турак үйдүн короосуна жана жер төлөлөрүнө суу кирген. Айылда бир электр мамычасы кулап, 400 метр электр зымы жарактан чыкты. Мындан сырткары бир жылкы, беш уй жана 70 бал челекти сел агызып кеткен.

Нөшөрлөгөн жаандан Кара-Кочкор айылындагы Атакул, Нура сел өткөрүүчү каналдары да бузулуп, 9 турак үйдүн короо-сарайларын, беш гектар үлүш жерди жана эки чакырым ички чарбалык жолду суу каптаган.

Аталган аймакта бүгүн да саат 03:30 чамасында катуу жаан жаап, Түшүнүк айылынын Карагуз-Түшүнүк ички чарбалык унаа жолундагы көпүрөнү сел алып кетти. Жеринде аны калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
ӨКМдин маалыматына караганда Кара-Кулжадагы аталган кырсыктын кесепетин жоюгу өзгөчө кырдаалдар жана ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган 50 киши тартылган. Куткаруучулар тарабынан Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу ачылып, учурда жыбыркаган айылдарды тазалоо иштери улантылууда.
Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 216 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо