
Бир сутка ичинде COVID-19 беш бейтаптын өмүрүн алды. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Чүйдөгү ооруканаларда дарыланып жаткан. Өткөн 24 сааттын ичинде илдетти 254 киши жуктуруп алды. Айыккандар 257. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 195;
Ош — 3;
Чүй облусу – 25;
Ош облусу — 1;
Нарын облусу — 4;
Ысык-Көл облусу – 17;
Жалал-Абад облусу – 9;
Айыккандар:
Бишкек – 187;
Ош шаары – 7;
Чүй облусу – 42;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 4.
Коронавирус илдетин былтыркы жылдын 18-мартынан бери 98 654 киши жуктуруп алды. Анын ичинен айыккандар 91 816. Тилекке каршы, каза болгондор 1660.
Ушул тапта ооруканада 1683 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 434ү оор, 91и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 2496 бейтап жатат.
Оставьте первый комментарий