Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Бүгүн, 10-майда, Россия тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда Россия президенти  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы жана Кыргызстан элин жаңы Конституциясынын кабыл алынышы жана күчүнө кириши менен да куттуктаган. Баарлашууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаал талкууланган.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашты. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат», — деп айтылат маалыматта.

Владимир Путин Кыргызстанга чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо