Жапаров сандар менен кантип манипуляция кылды?

Садыр Жапаров 27-апрелде “Пирамида” телеканалына курган маегинде президенттик шайлоодо аны кыргызстандыктардын 80%ы колдогонун айткан. 

Маектин 19:35 мүнөтүндө президент аны колдогон шайлоочуларды аягына чейин ишенүүгө чакырган.

«Мени элибиздин 80%ы колдоп, ишеним көрсөтүп президент кылышты. Ошол эле кезде эңшерилген экономикасы менен өлкөнү тапшырды. Ошондуктан айтарым, ишенген жаныңар ишенип, аягына чейин ишенип тургула. Добушун берген ар бир жарандын бетин жер каратпайм. Беш жылдан кийинби, он жылдан кийинби мен бирөөңөрдү да жер каратпайм. Ар бир кылган ишибиз, мейли экономикада болобу, чек арада болобу, кабыл алган чечимдерим эл үчүн болот. Мен жеке кызыкчылыгым үчүн эч нерсе жасабайм», -деп айткан президент.

«Т-Медиа» Жапаровдун сөзүн текшерип көрүүнү чечти. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын башына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6,6 миллионго жетти. Анын ичинен 3 563 574 жаран шайлоо укугуна ээ. Бул — Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул жылдын январь айына карата маалыматы. 

Ал эми 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоого добуш берүүгө шайлоочулардын 39,75%ы гана  катышкан.  Садыр Жапаровду шайлоого келген элдин 79,2 пайызы (1 млн 105 миң 248) колдоп добушун берген.

Жыйынтык: Президенттин кыргызстандыктардын 80%ы колдогону тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт. Шайлоого добуш берүү укугуна ээ ар бир үчүнчү кыргызстандык гана катышкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо