БШК: Ошто шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты

Ош шаарында 11-апрелде өткөн шаардык кеңешке шайлоонун калаанын 27 участкасындагы жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди.

Анын айтымында БШК мүчөлөрү бүгүн жыйынга чогулган. Жыйынтыгы жокко чыккандардын арасында Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоо да бар.

«Ош шаардык кеңешине шайлоо кайра өтөт. Бишкек азырынча белгисиз»-, деди Изреков.

11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Ош шаарында «Ата Журт Кыргызстан» «Улуттар Биримдиги», «Ыйман Нуру» жана «Ынтымак» партиялары жети пайыздык шайлоо босогосунан өткөн.

Шайлоодон кийин айрым партиялар анын ичинде баштапкы босогондон өткөн «Улуттар Биримдиги» партиясы да шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыктарын билдирип келишкен.

Алар президентке, БШКга кайрылуу жасап, бир нече жолу тынчтык митингдерин да өткөрүшкөн.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 405 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо