COVID-19: Кытай Кыргызстанга дагы 150 миң доза вакцина бермей болду

COVID-19га каршы 150 миң дозалык «SinoPharm» вакцинасы Кытайдан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары акысыз берилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Сиань шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында кытайлык кесиптеши Ван И менен жолуккан. Анда Кытай тарап гуманитардык жардам иретинде коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын дагы 150 миң дозасын берүүгө даяр экенин айтты.

Эске салалы: март айында Кытайдын өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын акысыз берген. Дары өлкөгө 19-мартта жеткирилген.

Өлкөдө акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1667ге кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 99 033 киши болду. Анын 92 120сы айыгып чыкты. Кыргызстанда ушул тапта Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Ушул күндөрү 40 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык «AstraZeneca» вакцинасы да келерин билдирген.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*