Өткөн суткада COVID-19 илдети 283 кишиден аныкталды. 8 бейтап каза болду

Акыркы 24 сааттын ичинде коронавирус сегиз бейтаптын өмүрүн алды. Алардын бешөө Бишкекте, үчөө Чүйдөгү ооруканаларда дарыланып жатышкан. Илдетти дагы 283 киши жуктуруп алды. Ошол эле учурда 289 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 158;

Ош — 14;

Чүй облусу – 75;

Талас облусу — 3;

Нарын облусу — 10;

Ысык-Көл облусу – 18;

Жалал-Абад облусу – 5.

Айыккандар: 

Бишкек – 197;

Ош шаары – 8;

Чүй облусу – 52;

Ош облусу – 5;

Талас облусу – 5;

Нарын облусу – 10;

Ысык-Көл облусу – 5;

Жалал-Абад облусу – 6;

Баткен облусу – 1.

Өткөн жылдын 18-мартынан бери илдет жуктургандардын жалпы саны 99 316 кишиге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 92 409. Каза болгондор 1675.

Ушул тапта ооруканаларда 1755 бейтап жатат. Алардын ичинен  447си оор, 89у өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 2472 киши жатат.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*