Баткендик 138 бала Ысык-Көлгө барат

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Баткен облусунан 138 баланы Ысык-Көлгө эс алууга алып барат. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-майда Баткенде тургундар менен болгон жолугушууда билдиргенин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Молдокматова бүгүн Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолуккан.

«Ал балдар менен жакындан баарлашып, жалпы 138 балага 3000сомдон акчалай жардам көрсөттү»— деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, коомдук ишмер окуядан жабыр тарткан 138 баланы керектүү кийим кече менен камсыздап, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Ысык-Көлгө, 10 күндүк эс алууга алып барууну убадалаган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*