Быйыл мектептерде окуу 25-майда аяктап, акыркы коңгуроо онлайн өтөт

Быйыл Кыргызстанда мектептерде окуу 25-майда аяктап, акыркы коңгуроо салтанаты онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу 12-майда билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Мындай чечим, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

Министрликтин маалыматына ылайык, быйыл Бишкек, Ош шаарларынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери акыркы конгуроого бүтүрүүчүлөр менен мугалимдердин куттуктоолорун онлайн режиминде уюштурушат.

«Онлайн форматта өткөрүлүүчү «Бүтүрүүчү — 2021″ иш-чарасынын программасы жана аны өткөрүү шарттары министрликтин буйругу менен бекитилген жана бардык билим берүү уюмдарына таркатылган. Белгиленген талаптарга жооп берген видеоматериалдар 25-майда эртең мененки саат 10.00дон 12.30га чейин “ЭлТР” мамлекеттик телеканалында көрсөтүлөт»-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин министрлик коронавирус инфекциясынан улам быйыл, 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырбашын айткан. Өлкөдө өткөн жылыда акыркы коңгуроо салтанаты 30-майга белгиленип, онлайн форматта өткөн.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*