
Президент Садыр Жапаров 13-майда кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров куттуктоосунда Орозо айт — мусулмандардын салттуу майрамдарынын бири экенин белгилеген.
“Дүйнөдөгү түзүлгөн санитардык-эпидемиологиялык кырдаал элибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн бизди белгилүү чектөөлөргө кириптер кылды. Орозо айында элибиздин бул чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылгандыгы мамлекетибиздин келечегине болгон ишенимин бекемдейт. Бул жолку майрам дагы аргасыздыктан чектөөлөр шартында өтүүдө. Мамлекет коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө болгон күчүн жумшап жатат”, — деп жазылат өлкө башчынын куттуктоосунда.
Ошондой эле, президент орозо айында өлкөбүздүн коопсуздугуна коркунуч туудурган бир катар окуялар болгондугун, мындай кырдаалда элдин мекенчилдиги тирек болот деген ишенимин айткан.
“Ыйык орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар да болуп өттү. Балким, мында жараткандын бир жакшылыгы болсо керек, балким, бул ыймандын, бекемдиктин жана Кудайга болгон ишенимдин сыноосудур. Элибиздин айкөлдүгү, кайраттуулугу, кыраакылыгы, кайрымдуулугу, мекенчилдиги мындай кырдаалда тирек болуп берет деп терең ишенем”, — деген мамлекет башчы.
Бүгүн 13-майда Кыргызстанда мусулмандардын отуз күндүк орозодон кийинки Орозо айт майрамы белгиленип жатат.
Оставьте первый комментарий