Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнү жылына 1 миллиард долларга жеткирүүнү пландоодо

Президент Садыр Жапаров Түркиянын палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглун кабыл алды. Анда эки өлкө соода жүгүртүүнү жылына 1 миллиард долларга жеткирүү айтылды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз  кызматынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, түрк делегациясынын курамына айыл чарба, текстиль жана тамак-аш өнөр жай, энергетика, туризм, тоо-кен жана курулуш тармагындагы ири компаниялардын жетекчилери кирген.

«Садыр Жапаров жолугушууда, мамлекет башчысы катары Кыргызстандагы чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун толук колдой турганын жана алардын мындан ары ишке ашырылышына кеңири жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Өнөр жай кызматташтыгын кеңейтип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, агрардык секторду өнүктүрүүгө, ошондой эле тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика, туризм жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарга багытталган долбоорлорго басым жасай турганын кошумчалады», — деп айтылат өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Мындан сырткары, дүйнөлүк пандемиянын кесепетинен улам акыркы жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүдөгү терс динамикага карабастан, Түркия Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин кошумчаланган.

Ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык максат — товар жүгүртүүнү жылына 1 миллиард АКШ долларына чыгаруу үчүн тараптар бардык күч-аракетин жумшай турганганына ишенимин айткан. 

Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу Кыргызстандын потенциалы, анын ичинде адамдык потенциалы жөнүндө айтып өлкөнү өркүндөтүү үчүн өнөр жайды өнүктүрүү зарылдыгын  белгилеген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5130 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо