Президент «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбооруна кол койду

Президент Садыр Жапаров «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын билдиришти.

Аталган мыйзам долбоору, ушул жылдын 6-майында Жогорку Кеңештин отурумунда үч окууда кабыл алынган. Демилгечи депутаттар Акылбек Жапаров менен Бактыбек Турусбеков болгон.

«Мыйзамдын негизги максаты жер казынасын коргоо. Экология жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, таасирин тийгизген аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүү. Негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат» — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталган. 

Эгерде компаниянын жетекчилери сырткы башкаруучунун ишмердүүлүгүнө тоскоол жаратса алар, Жазык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5130 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо