Германия Кыргызстанга коронавирустун жаңы штаммдарын аныктаган реагенттерди берди

Германия коронавирустун Кыргызста катталган штаммдарын аныктоо үчүн реагенттерди алып берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, 14-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Германия менен Россиянын эл аралык адистери менен жолуккан.

«Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Кыргызстанга германиялык бир нече окуу жайлардын медицина өкүлдөрү келишкен. Адистер Кыргызстандын лабораторияларынын кызматкерлерин штаммдарды аныктоого окутуп жатышат. Эми жардам катары берилген реагенттер Кыргызстандын аймагында коронавирустун штаммдарын аныктоого жардам берет», — деп айтылат маалыматта.

Жабдыктан сырткары, лабораторияга 50 миң  коронавирус инвекйиясын аныктоочу ПЦР-тест тапшырылган.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 216 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо