Коронавирустан бир күндө 8 бейтап көз жумуп, 404 жаңы учур катталды

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде коронавирустун 404 жаңы учуру катталды. Илдеттен 349 киши сакайып, бир күндө 8 бейтап көз жумду.

COVID-19 инфекциясын жаңы жуктуруп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында – 294. Ошондой эле Ошто– 4, Чүйдө – 65, Ош облусунда – 2, Таласта – 1, Нарында – 9, Ысык-Көлдө – 20, Жалал-Абадда – 9 жаңы учур аныкталган. Акыркы суткада вирустан Бишкекте – 4, Чүйдө — 3, Таласта — 1 бейтап каза тапты.

Ушуну менен өлкөдө пандемия башталган өткөн жылдын март айынан бери коронавирус жугузуп алгандардын саны 100 249га жетти. Алардын ичинен 93 302 киши сакайып, тилекке каршы 1695 бейтап көз жумду.

Бүгүнкү күндө, ооруканада – 1 717 бейтап, үйдө — 2 524 киши дарыланып жатат. Алардын 449у оор, 90у өтө оор абалда.

Кыргызстанда ушул тапта Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги 15-майга карата жалпы 50 775 жаран вакцинанын биринчи дозасын, анын ичинен 10 886 киши эки дозасын тең алганын билдирди.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 216 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо