Кыргыз-тажик чек арасында кармалган эки өлкөнүн жарандары кайтарылды

Бүгүн, 17-майда кыргыз-тажик чек арасында кармалган жарандар бошотулду. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынын тастыкташты.

Кармалган кыргызстандыктар сабалгандыктан ооруканага жеткирилген.

«Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары, бүгүн эрте менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен. Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу, жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан.  Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп,  сүйлөшүүлөр жүргүзүү боюнча тапшырма беришти», — деп айтылат маалыматта. 

Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5130 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо