Орусияда энелери ооруканага таштап кеткен беш наристе Кыргызстанга алынып келинди

Орусияда ата-энеси ооруканага кароосуз таштап кеткен эки жашка чейинки беш бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри бүгүн, 17-майда билдирди.

Маалыматка караганда, беш наристени Москва шаарынын жана Мосвка облусунан медициналык мекемелерине энелери таштап кеткен. Учурда алар өлкөгө алынып келинип, балдар үйүнө жайгаштырылды.

«Учурда наристелерди үй-бүлөлөрү менен бириктирүү максатында жакын туугандарын издөө иштери башталды. Алар Кыргызстандын аймагына келиши менен балдар үйүнө убактылуу жайгаштырылган. «- деп айтылат маалыматта.
Ушуну менен үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кыргызстанга Орусиядан кароосуз калган он бир бала алынып келинген.
Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 216 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо