Ташиев: Кумтөр боюнча төрт иш козголду

“Кумтөр Голд” ишканасына карата төрт кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Кумтөр боюнча кезексиз жыйынга чакырылган жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Анын айтымында, кенге байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдар суракка чакырыла баштайт. Анын айтымында, бир кылмыш иши компаниянын жетекчилигине, калганы мамлекеттик кызматтарда иштеген жооптуу кызматкерлерге карата ачылган. Анын арасында Кыргызстандын бир нече экс-премьер министрлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары бар.

«Жадагалса бизде ошол убакта кээ бир депутаттар «Кумтөрдөн» кандайдыр бир суммада каражат алганы туурасында материалдар бар. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн фамилияларын ачык айтпайбыз. Ошондуктан мен сиздерден (парламент депутаттарына кайрылып жатат -ред) бардык иштерди сурабай турууну суранам. Эгер сиздер бүгүн токтом кабыл алып берсеңиздер, эртеңден баштап буга тиешеси бар бардык кызматкерлерди, адамдарды жоопко тартууну баштайбыз, алар мамлекеттен чыгып кетпеши үчүн».

Кумтөрдүн айланасындагы соңку жагдай

  • 6-майда “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди. «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорго ылайык, эгерде компаниянын жетекчилиги жергиликтүү тургундардын жашоосуна, ден соолугуна жана экологияга коркунуч жаратып, бирок аларды жоюу боюнча чараларды көрбөй жатса — Министрлер кабинети компанияга сырттан башкаруу киргизе алат.
  • 7-май күнү Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
  • 8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор «таптакыр негизсиз» экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, «Кумтөр Голд» мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.
  • 12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапапов ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.
  • 16-майда “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Кумтөр — Кыргызстандагы ири алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5130 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо