Жапаров буга чейинки президенттердин убагында сыртка ташылган алтындар боюнча маалымат берди

Аскар Акаевдин убагында 156 тонна, Курманбек Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Алмазбек Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Сооронбай Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен. Бул тууралуу  «Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров бүгүнкү жыйында айтты.

«Кыргызстандын мурдагы төрт президенти тең Кумтөр маселесин чечүүгө эрки жеткен эмес. Алардын ар бири убагында кендин ишин иликтөө боюнча комиссия түзгөн. Бир гана экс-президент Роза Отунбаева комиссия түзгөн эмес. Бирок Роза Исаковна деле Убактылуу өкмөттүн бир декретин аябай туруп Кумтөрдү улутташтырып салса болмок.  Биз, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мындан ары демагогия өтпөйт деп айта алабыз. «Центерранын» менеджерлери «символикалык» жеңилдиктер менен кутулуп кеткен убакыт өттү. Компаниянын менеджерлеринин коркутуулары жана шантаждары мындан ары өтпөйт. Биз эл аралык арбитраждагы сот процесстеринен коркпойбуз. Ошондуктан алар азыр сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштап жатышат», —деди Акылбек Жапаров.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

Ушул тапта Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча маселени кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулду. Сессияга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышары айтылган, кийин келбей калганы белгилүү болду.

                                                                       «Кумтөр Голд Компани»

Президент Садыр Жапаров 14-майда «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду. Бул өзгөртүүлөр кен казуучу компанияларга тийиштүү болот: эгерде компаниянын жетекчилиги жергиликтүү тургундардын жашоосуна, ден соолугуна жана экологияга коркунуч жаратып, бирок аларды жоюу боюнча чараларды көрбөй жатса — Министрлер кабинети компанияга сырттан башкаруу киргизе алат.

Ага чейин, тагыраагы 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Кумтөр — Кыргызстандагы ири алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5130 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо