Майыптыгы бар жарандарга кандай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн?
Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын 20%ы гана иш менен камсыз болгон
2019-жылга карата Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын саны 194 364тү түзгөн. Бул калктын санынын 2,93%ына барабар. Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын арасында 28%ы экономикалык жактан активдүү деп эсептелинип, алардын 20%ы гана иш менен камсыз болгондор.
Ош облусунун тургуну Абдилманап Турдуев тубаса майып төрөлгөн. Анын эки буту баспайт, бала кезден коляскада отурат. Үй-бүлө күтүп жубайы менен жашоо кечиргенине жарым жылдан ашып калган. Абдилманап Турдуевдин эң негизги кыялы - иштеп, майыптыгы бар жарандарга үлгү болуу. Турак жайлуу болуп, өз алдынча бүлөсүн багууну да самайт. Учурда жубайлар мамлекет тарабынан берилген жөлөк пул менен гана тирилик кылышат. Каарманыбыз ага ылайыктуу жумуш болгондо, иштемекмин дейт. Бирок мүмкүнчүлүгү жете турган иштерди билбегендиктен үйдө жумушсуз отурат.
Абдилманап Турдуев
Майыптыгы бар жарандардын жумушсуздук көйгөйү өлкөнүн ар бир аймагында бар.
Майыптыгы бар жарандар эмгектенген ишкана
Кара-Суу районунун тургуну Мамлакат Касымова сүйлөй жана уга албаса да 34 жылдан бери иштеп келет. Ал Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Оштогу үйрөтүү өндүрүштүк ишканасында эмгектенет. Жаңы келгенде кыйналганы менен, азыр баарын үйрөнүп, ишканадагы мыкты тигүүчүлөрдүн бири. Мамлакат Касымова биз менен ымдоо-жаңсоо аркылуу маектешти. Анын айткандарын бирге иштеген жумушчулар бизге түшүндүрүп берди.

«
Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ачылганына 83 жыл болсо, Оштогу филиалы 57 жылдан бери иштейт. Учурда мекемеде 30га жетпеген жумушчу эмгектенет.
"Бул мекеме ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ишканасы. Майыптыгы бар жарандарды ишке кабыл алабыз. Мындагы жумушчулар мүмкүнчүлүгү чектелгени менен башкалардай эле ишти жакшы кылышат. Ишкана, негизинен, мамлекеттик буйрутмаларды аткарып келет. Кызматкерлердин көпчүлүгү угуусу жана көрүүсү начар жарандар. Пандемияда болсо, буйрутмалардын саны азайды",- дейт "Оштогу үйрөтүү өндүрүш ишканасынын" жетекчиси Жусубали Мамытов.
"Үйдө көп жыл отуруп, жашагым келбей калган"
Нышан Саданова коляскага байланган оор тагдырына нааразы болуп, жашоодон көңүлү калган күндөрү болгонун айтат. Башкалардан өзүн кем сезип, көчөгө да чыкпай калган. Кийин Жалал-Абад шаарында майыптыгы бар кыз-келиндерге акысыз тигүү курсу тууралуу угуп, окууга барган. Азыр Нышан айым кийим оңдоону, тигүүнү өздөштүрүп киреше таба баштаган. Мындан сырткары кагаздан гүл жасоону интернеттен көрүп үйрөнгөн. Эми майыптыгы бар жарандар үчүн тигүү курсун ачууну пландап жатат.
Майыптыгы бар жарандар тууралуу мыйзам иштесе, жумушсуздук азаймак
Депутат Дастан Бекешов майыптыгы барлардын көйгөйлөрүн көтөрүп келет. Анын айтымында өлкөдө майыптыгы барлар үчүн каралган мыйзамдар иштебейт. Маселен, ар бир ишканада 5%дык квота майыптыгы барлар үчүн каралышы керектиги мыйзамда жазылган. Бирок, көрсөтүлгөн ал нормалар оор болгондуктан, ишке ашпай келет.
Дастан Бекешов
ЖК депутаты
"Мыйзам боюнча бир ишканада болжолдуу 20 киши иштесе, 5% жумушчу орун майыптыгы бар жарандарга берилиши керек. Бирок бизде андай эмес"
Депутат өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү жумуштуулук боюнча мисалдарды келтирди: маселен Түштүк Кореяда компаниялардагы жумушчулардын 2,8 %ын майыптыгы бар жарандар түзөт. Ал эми Кыргызстанда мындай компаниялар өтө аз.
"Мен башка өлкөлөргө салыштырып, чындыкка жакыныраак кылып 2014-2017- жылдары 2 ирет мыйзам долбоорун жазып көрдүм. Тилекке каршы алар колдоо тапкан жок. Эгер бул мыйзам өтсө, иштеп баштамак. Бирок, ага ишкерлер, депутаттар каршы болуп коюшту",- деди Дастан Бекешов.
Кыргызстанда жумушсуздук көйгөйү майыптыгы бар жарандарда эле эмес, калктын калың катмарында бар. Ишке жарамдуулар чет жактарга чейин жумуш издеп кетишүүдө. Депутат майыптыгы бар жарандарга жумуш ордун мамлекеттик ишканаларда түзүү керек деп эсептейт. Маселен, мамлекеттик ишканаларда ксерокопия, сканер сыяктуу иштерди берсе болот.

"...Муну чечүүнүн биринчи жолу - мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Экинчиден, алардын билим сапатын көтөрүү зарыл. Ачык айтканда эч ким майып адамды ишке алгысы келбейт. Ошон үчүн компетенциясы болуп, аткара турган жумушун билүүсү керек. Бишкекте кээ бир кафелер, банктар, компаниялар майыптыгы бар жарандарды жумушка алып жатат. Бирок бул өтө аз. Өкмөт алкагында майыптыгы бар адамдардын кеңешмеси бар. Аталган кеңешмени президенттин кийлигишүүсү менен кылалы деп сунуш бердим. Бул боюнча президентке кат жолдодум. Эгер ишке ашып калса, ошол жерде ушул маселелерди көтөрүп чыгабыз. Эң негизгиси жумушсуздук болсо, экинчиси билим берүү боюнча болот",- деди ЖК депутаты Дастан Бекешов.
Ар бир адам өзүнчө уникалдуу. Майыптыгы бар жарандар айрым учурда гана чектелип калбаса, көптөгөн иштерди жасап, ийгиликтерди багындырган инсандар бар. Аларга коомчулукка кеңири таанылган ырчы Улан Осмон уулу, радиодо иштеген Азамат Бердияров, "Тумар" бийчилер тобу жана башкалар мисал боло алат.
Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.