Тажик жарандары Чоң-Алайдагы талаштуу аймакка кирип келишкенби? Расмий жооп

Чоң-Алай районунда абал тынч. Тажикстандын аскерлери тактала элек аймакка кирип келген эмес. Бул тууралуу «Т-Медиага» райондун акими Өскөнбай Мамажакыпов билдирди.

Анын айтымында, Чоң-Алай районунун Карамык айылында Тажикстан менен чектеш жерде тактала элек 1010 гектар жайыт бар. Ал жерди аталган айылдын тургундары колдонуп келишет.

«Картада Тажиктсан деп көрсөтүлгөн. Бирок, делимитация жана демаркация иштери жүргүзүлгөн эмес. Ал жерди биздикилдер жайыт катары колдонуп келишет. Урушуу, талашуу болгон жок. Сүйлөшүүлөр болуп, биздин жарандардын мал жандыктары өтүп кетсе, алар жөн эле кайтарып берип жатат. Мурда деле ошентип келген. Абал тынч. Интернетте “Ошол жерге келип алыптыр, техникалары менен келиптир” деген сөздөр жалган», —деди Чоң-Алай районунун акими Өскөнбай Мамажакыпов.

Кечээ кечинде социалдык тармакта «Тажиктер Чоң-Алайдагы талаштуу аймакка кирип келишти! Урматтуу, КАМЧЫБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ! 16-майдан баштап, Тажик Республикасынын аскерлери Кыргызстандын аймагындагы Кароол-Дөбө, Унжу-Булак аймагына чейин кирип келишиптир» деген маалымат тараган.

Анда 18-майда саат 17:00 Тажикстандын  күч кызматкерлери менен Кыргызстандын Чек ара кызматы эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөнү, 16-май күнү Тажикстандын аскерлери Карамык айылынын тургуну Ы. Ж. аттуу жараныбызды кармап алып, суракка алып, коркутканы жазылган болчу.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо