
Акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө COVID-19 илдетинен 4 бейтап көз жумду. Алардын экөө Чүйдө, экөө Бишкектеги ооруканаларда дарыланып жатышкан. Ошол эле учурда илдет 361 кишиден аныкталды. Дарыланып жаткан 320 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлардын 193ү Бишкек шаарынан, 5и Ош шарынан, 96сы Чүйдөн, 13ү Оштон, 6сы Таластан, 13ү Нарындан, 28и Ыссык-Көлдөн, төртөө Жалал-Абаддан, үчөө Баткенден аныкталган.
2020-жылдын 18-мартынан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 101 580 кишиге жетти. Анын ичинен айыккандар 94 803. Курмандыктардын саны 1729.
Учурда ооруканаларда 1567, үй шартында 2461 бейтап дарыланууда. Алардын 432си оор, 78и өтө оор абалда жатат.
Оставьте первый комментарий