Баткендин эң алыскы Арка айылындагы депутаттардын бензин саткан жайлары. Иликтөө

Кыргызстандын бир чекесинде, Лейлек районунун эң алыскы Арка деген чакан айылында ар 270 кишиге бир бензин саткан бекет туура келет десе балким ишенбейсиз. Бирок бул чын. Бензин менен жер сугарбайт, дубал курбайт. Анда чакан айылга анча май куюуучу жайдын эмне кереги бар? Алар кимдики? Чек арадан контрабанда өтүп атат деген элдин тынчсыздануусу күчөгөндө ушул теманы биргеликте иликтеп көрүүнү чечтик. 

Баткендин Лейлек районундагы Жаңы Жер айыл өкмөтүнө Арка, Достук, Борбордук жана Жаштык айылдары кирет. Бул айылдар апрелдин аягындагы чек ара жаңжалында катуу жабыркагандыктан аталыштарын көпчүлүк жакшы эле билип калды. Өзгөчө Арка айылы. Биздин иликтөө ушул айылдын тегерегинде жүрмөкчү. 

Жаңы Жер айыл өкмөтү Кыргызстандын башка айыл же шаарларынан кыйла алыста турат. Маселен аталган айылдан Лейлек районунун борбору Исфана шаарына чейин машине менен 2 сааттык жол.

Ошол эле учурда коңшу Тажикстандын экинчи чоң шаары Худжандга Арка айылынан жарым саатта жетип барууга болот. Худжанддын калкы агломерациясын же айлана тегерегиндеги шаар-айылдарды кошкондо 1 миллион кишиге жетет. 

Бирок Худжанддан Тажикстандын борбору Душанбеге чейин 300 чакырым, же бери дегенде 5 саат машине менен жүрүүгө туура келет. Анын үстүнө Худжанд-Душанбе  автожолунан жүк ташуу үчүн жолго акы төлөө керек. Андан тышкары Тажикстандын Иран, Өзбекстан менен мамилеси жакшырып, соодасы көбөйө баштаганына аз эле болду.       

Мына ушундай факторлордон улам тажикстандыктар үчүн Кыргызстандан соода кылуу ыңгайлуу боло келген. Анын үстүнө эки ортодо көп жерде чек ара тилкелери али тактала элек – демек кайтарылбайт. Натыйжада эки өлкө ортосунда контрабанданын тамыры жылдан жылга чайлап-коолап жайылып келди.

Тажикстанга кирип аткан контрабандалык тиричилик товарларынын эң өтүмдүүсү – күйүүчү май. Бул салыштыруудан эле себебин билсеңиз болот.

Учурда эң көп колдонулган Аи-92 бензининин бир литри Кыргызстанда 49 сомго жакын. Бул кымбаттап кеткенден кийинки баасы. Албетте Тажикстанга сатмакчы болгондор дүңүнөн алган үчүн аларга дагы бир топ арзан түшөрү бышык.

Ал эми Тажикстанда ушул эле маркадагы бензиндин литри азыр биздин акчага которгондо 63 сомдон сатылууда.

Аталган айылда Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы Канибадам шоссеси орун алган. Анын боюндагы курулмалар картадан кыркалекей тизилип, чай-пирожки саткан жайларга окшоп көрүнөт. Чын чынында алар май куюучу жайлар. Арка айылынан эле биз 15 заправканы эсептей алдык. Апрелдин аягындагы чек ара жаңжалында Тажикстан тараптан киргендер алардын дээрлик баарын талкалап, өрттөп кетишкен.

Жергиликтүү тургундар бул май куючу жайлар кимге кызмат кылып келгенин жакшы билишет. Биз аларга жолугуп, маектештик. 

«Мисалы жолдун үстү жагы Кыргызстан, асты жагы Тажикстан. Контрабанда, бензинби, баары-жогу ушул жерден кирип-чыгып жүргөн да. Аткезчиликтин точкасы ушул жер эле. Ушул убакка чейин контрабанда токтобой, тынбай кирип чыгып жатты да. Эл билет да, эл баарын көрүп жүрөт. Санын так айта албайм, бирок келген фуралар бензинби, азык-түлүкпү — баары Тажикстанга кирип жүргөн», — дейт Арка айылынын тургуну, Жаңы-Жер айыл кеңешинин мурунку депутаты Кудайберди Ибрагимов.

«Кадимкидей заправка кылып, куюп чыгып кете берет. Кээ бир машинелердин рессорлорун күчтөндүрүп, бир тонналык бактарды коюп алган. Ошолорду толтуруп куюп кирип кетишет. Биздин Достук, Арка — эки айылга бир заправка жетиштүү. Анан Жаштык айылына дагы бир заправка жетиштүү. Болду. Мынча заправканын эмне кереги бар? Бишкекте да мынча заправка жок мисалы. Же Чүй көчөсүндө катар-катар заправка турганын көрдүңөр беле? Бүтүндөй Тажикстанга өткөрүп атабыз да», — дейт Арка айылынын имамынын орун басары Алимбек Нуридинов.

Асан Зулпукаров, Арка айылынын тургуну: 

«Бул жерде көп чоң күчтөр бар. Биздин айылга канчалаган журналисттер келишти, алар заправкаларды көрүп атышат. Көп каналдар 8 заправка өрттөлдү деп туура эмес маалымат берип атышат. Сегиз эмес. Лейлек районунда канча заправка бар экенин баары билет. Ушул заправкалардын баары чоңдордуку. Силер биздин элди мишень катары койдуңар. Өз бизнесиңер үчүн заправкаларды куруп алып, тажиктерге сатып. Ак Үйдө отургандардыкы, депутаттардыкы. Ошолор ким экенин аныктап, Садыр Нургожоевич, токтоткула».

Саатбек Эгембердиев, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы:  

«Эми ал ГСМ контрабандасын башынан айтчу болсок, керек болсо Ташиевдин өзүнүн заправкасы болгон бул жерде. 777 деген. Негизинен заправкалардын ээлери Лейлек, Баткенден эмес. Башка жактан Жалал-Абад, Ош, ар жактардан келген. Жада калса нарындыктар бар деп уккам».

 Май куюуучу жайлар кимдердики?

Албетте УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев боюнча айтылган маалыматты текшеребиз. Ага чейин бир факторго маани берсек. Башында айткандай, Жаңы Жер башка айыл-шаарлардан алыс, балким бул жерде жашагандар күйүүчү майдын баасындагы айырмадан утуп тиричилик кылуу үчүн заправкаларды ачышканбы деген ой келет. Бирок текшере келгенде мурдагы айыл өкмөттүн айткандары улам ырастала берди. Биз эсептеген 15 май куючу жайдын төртөө гана лейлектиктердики. 

Бирөө каракулжалык жаш жигитке катталган, дагы биринин ээси катары Таластын Кара-Буура районунда жашаган киши чыгып атат. Экөөнүн ээси Оштун Кара-Суусунда катталган компания. Бирөө карызын төлөй албай Айыл банкка алдырган. Калган бешөө Чүйдө жана Бишкекте катталган компанияларга таандык.

Алардын азыркы жана мурдагы ээлеринин арасынан биз Кыргызстанга таасирдүү бир нече компанияны жана адамдардын аттарын таба алдык. Эми кеп ошолор тууралуу.

«Партнер Нефть»

Баары талкаланып, өрттөлгөнү менен бирөө аман калган. Ал документте «Инвект»  деген компанияга катталган май куючу жай. Бирок жерине барганыбызда баарыбызга белгилүү «Партнер Нефть» компаниясынын аты жазылып, логотиби тартылып турат. Бул компанияны айрым маалымат каражаттары «Газпромнефтиге» тиешелүү экенин жазышкан. Бирок документте башка адамдар ээси катары көрсөтүлгөн. Ал эми директору Аваз Кидибаев суроолорубузга Фейсбуктан жооп берип, бул май куючу жайды бир ай мурда ижарага алышканын, «Газпромго» тиешеси жок экенин билдирди.

«Эч кандай контрабандалык түрдө иштеген жокпуз», — деп жазды Кидибаев.  

«Джунда» 

Дагы бир май куючу түйүнгө «Кыргызская промышленная компания нефть и газ» аттуу ЖЧК ээлик кылат. Бул компаниянын артында кытайлык «Чайна петрол компани Джунда» турат. Ал компаниянын Кара-Балтадагы Жунда заводу мунайды кайра иштетип, күйүүчү май өндүрөт. Бул завод 2020-жылдан бери иштебей турат. Бирок ошого чейин Арка айылында заправкага ээлик кылып, өндүргөн бензинин тажикстандыктарга сатып турган.  

Депутаттын компаниясы

Арка айылындагы жер аянты миң чарчы метр, же 10 сотыхты  ээлеген заправка 2011-жылы салынган. 2016-жылы мартта даяр заправканы «Север-ЮгОйл» аттуу компания сатып алып, иштетип келди.  

Бул тилкеде «Север-ЮгОйл» компаниясынын дагы бир май куюучу жайы бар. Аны 2018-жылдын январында сатып алган.

Баткендин эң четиндеги алакандай жерге удаама-удаа заправкаларды салган бу компания Оштун Кара-Суу районунда катталган.   

Ачык маалымат булактары «Север-ЮгОйлдун» кожоюну катары Тагаев Алмазбек Жээнтаевичти, директору катары Тагаев Абдибаит Зикировичти көрсөтөт. Бирок чын-чынында бензин саткан бул компаниянын чыныгы ээси башка.

2021-жылдын 18-январына чейин ошол кишинин атында болчу. Ал киши тек Жогорку Кеңешке депутат болгондон кийин бизнес менен алектенүүсүнө мыйзам жол бербегендиктен компаниясын инилерине каттатып койгон. Ал киши 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин депутаттык төш белги тагынган Бердиев Аккулу Тагаевич.

«Республика Ата-Журт» фракциясынын катарында, парламенттин отун-энергетикалык комплекси комитетине мүчө. Күйүүчү майлар маселеси дал ушул комитеттин компетенциясында экенин белгилей кетели. Бердиевге биз  «Фейсбук» аркылуу байланыша алдык. Бирок ал жөнөткөн суроолорубузга жооп берген жок.

Депутаттын уулунун заправкалары   

Аркадагы кырка тизилген заправкалар боюнча Жогорку Кеңештин дагы бир депутатын атайбыз.

Бул май куючу жай да 10 сотых аймакты ээлейт. 2012-жылы салынган. Андан төрт жылдан кийин 2016-жылы «Петро-Ресурс» аттуу компания сатып алган. Бишкектик бул компанияга Маматов Акылбек Абдимуктарович аттуу адам ээлик кылат жана башкарат.

Бирок Акылбек Абдимуктарович үчүн бирөө аздык кылган. 2020-жылы февралда бил жердеги дагы бир заправканы, ага ээлик кылган «Альянс Кэпитал» аттуу компаниясы менен кошо өзүнө алган.

Акылбек Маматов – Жогорку Кеңештин депутаты, атамекенчи Абдимуктар Маматовдун уулу. Анын бизнеси 2015-жылы атасы парламентке киргенден баштап катуу жүрүшкөн. Өзүңүз байкагандай Арка айылындагы эки заправкага 2016- жана 2020-жылдары ээлик кылып отурат.

Акылбек Маматовдун башка да бир топ компаниялары бар. Алардын бири «Альфа Ойл»  Клооп.кж порталы буга чейин ушул «Альфа Ойл» Кыргызстанда мамлекеттик тендерлерди эң көп уткан компаниялардын бири экенин иликтеп чыккан. Тактап айтканда Маматов бир эле «Альфа Ойл»  аркылуу 2016-жылдын апрелинен 2020-жылдын августуна чейин эле жалпы суммасы 1 млрд сомдон ашуун тендерди жеңген. Анын атасы Абдимуктар Маматов дагы парламенттин Отун энергетикалык комплекси боюнча комитетинин мүчөсү.

 Камчыбек Ташиевдин бир тууганы 

Кызык жери, бул заправканы «Альянс Кэпиталга» 2019-жылдын 23-сентябрында «Томас и Ко»компаниясы саткан. 15 сотых жерди ээлеген бул түйүндү үч жылча иштетип, күнү күчүн көргөн Томас кимдики? Ачык маалымат булактарына ылайык, «Томас и Ко» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүң бири ал жылдары Ташиев Казыбек Кыдыршаевич  болгон. Ал учурдагы Улуттук Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы. Компания жакындарына катталганы менен Ташиев аны өзүнүкү экенин танбай турганы 2014-жылы «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнүн эфиринде жазылып калган эле. Анда Ташиев башка бир саясатчы Тайырбек Сарпашев менен сүйлөшүп жатып «Мен Томаста учредитель эмесмин. Бирок Томас сеникиби десе меники дейм» деген болчу.

Мыйзамдуулук жана реалдуулук

Арка айылындагы кыркалекей турган май куючу жайларды юридикалык жактан алганда кандайдыр мыйзам бузду деп айтуу кыйын. Алар товарыбызды сатып, салыкты төлөп атабыз деген жоопту бере алышат. Формалдуу алганда ал жерге 15 эмес балким 150нү куруп койсо деле болот.  Бирок! Реалдуу жактан алып караганда кеп такыр башкада.  

Маани бере турган бир нече факторлор бар. Кыргызстан 2011-жылдан тартып Орусиядан бензинди жана дизелди пошлинасы жок ала баштаган. Бул албетте аталган продукциялардын өлкөгө арзан киришин шарттады. Ошол эле учурда Аркадагы заправкалар да 2011-жылдан баштап курулуп, көбөйгөнүн эске сала кетели. 

Ошол жылдардан тартып Кыргызстандан Тажикстанга бензин аткезчилиги күчөгөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып жатты. 

Кайтаруусуз турган чек арадагы бензин сатуучулар товарынын канчасын мыйзамдуу сатты, канчасын салык же бажы алымын төлөбөстөн контрабандалык жол менен өткөрүп ийди — ажыратуу кыйын. Анын үстүнө көзөмөлдөп турган кандайдыр камера же башка технологиялык мүмкүнчүлүктөр жок. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн салыкчысы баары мыйзам чегинде дегени менен күйүүчү май сатуучулардын салыктары тууралуу документти көрсөтүүдөн баш тартты. 

Контрабанданы убактылуу эмес, биротоло токтотуунун, бийлик үчүн саясий эркти көрсөтүүнүн анык кезеги келип турат. Болбосо «тажик аскерлери танктарына, автоунааларына биз арзан саткан майды куюп, кайра бизге чабуул жасады»  деген сыяктуу айыптоолор күчөй берери бышык.   

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо