COVID-19: дагы алты киши каза болду, 191 кишиден жаңы аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы алты бейтап каза болду. Алардын төртөө Бишкекте, бирөө Чүйдө, бирөө Таласта катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны 1757 кишиге жетти.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 23-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 191 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте — 121. Чүйдө — 28 жана Ысык-Көлдө — 11 учур. Мындан тышкары Ош шаарында он бир, Ош облусунда эки, Таласта алты, Нарын облусунда сегиз жана Жалал-Абадда төрт кишиден вирус аныкталды.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 308 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 102 702 киши вирус жугузуп алды. Анын 96 119у сакайды.

Учурда 1571 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Кыргызстанда Кытайдын «Sinopharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, ушул күндөрү 71 774 киши вакцина алды. Алардын ичинен 22 520сына экинчи доза сайылды.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте айрым маданий мекемелер карантинге алынып, эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салынган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*