
Италия өлкөсүндө коронавируска каршы дары табылды. Аталган өлкөнүн врачтары дүйнөлүк саламаттык сактоо мыйзамынын каттуу талабына, вирустан өлгөн адамдарды союуга баш ийбей изилдеп көрүшүп ушундай нерсени аныкташкан. Мындай билдирүүлөр фейсбук социалдык тармагындагы группаларга 23-майда жарыяланып, бөлүшүлгөн.
Биздин редакция бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти.
Бөлүшүлгөн маалыматта «Бул ВИРУС эмес — атайын өлтүрүүчү БАКТЕРИЯ» деп жазылып, ал атайлап тромб пайда кылган, адамды өлүмгө дуушар кыла турчу бактерия болуп чыгарылганы айтылган.
Биз ачык булактардан издеп бул маалымат өткөн жылы тараганын таптык. Тагыраагы бул www.forumdaily.com сайтына 2020-жылдын 18-мартында жарыяланганын көрүүгө болот.
Ички кан тамырлардагы кандын уюп калышы — медицина тилинде ТРОМБОЗ деп аталат.
Социалдык тармактарда тараган бул посттко Италиядагы Humanitas клиникалык институту ошол учурда жооп кайтарган. Мекеме тарап жаткан маалыматты жалган жана окурмандарды адаштырууда деп айткан. Институт өз дарыгерлерине шилтеме берүү менен пневмония организмге коронавирустун жаңы түрү таасир эткенде пайда болгон бирден-бир синдром эмес, пневмония менен тромбоздун корреляциясы «ондогон жылдардан бери» белгилүү жана бул сенсация эмес деп белгилешкен.
Дагы башка изилдөөлөрдө COVID-19 SARS-CoV-2 вирусунан келип чыккандыгын, дем алуу органдарына таасир этип, курч респиратордук ооруну жана катуу пневмонияны жаратышы мүмкүн экендигин көрсөткөнү айтылат. Өпкө тромбозун көрсөткөн бир изилдөө аны жаңы коронавирустун ордуна пневмония менен кошо пайда болгон көрүнүштөрдүн бири деп атаган. Мындан тышкары бул изилдөө илимий эксперттик кароо процессинен өтө элек, андыктан анын жыйынтыктарын азырынча тастыкталды деп эсептөөгө болбойт.
COVID-19 бейтаптары веналык тромбоэмболияны тастыктабаса, антикоагулянттарды (кандын уюшун басаңдатуучу дары-дармектерди) ичиши керек деген илимий далилдер азырынча жок. Ошондой эле, бардык пациенттерде тромбоздун алдын алуунун натыйжалуулугун жана коопсуздугун колдой турган илимий далилдер жок.
Жогорудагы изилдөөнүн натыйжасында Италияда COVID-19 дарылоо протоколдорундагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат жок.
Мындан тышкары Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму (ДСУ) аспиринди камтыган стероиддик эмес сезгенүүгө каршы дары-дармектердин COVID-19га каршы эффективдүүлүгүнүн далилдери жок экендигин белгилейт.
Жыйынтык: фейк. Маалымат 2020-жылы жарык көрүп, окумуштуулар тарабынан төгүндөлгөн.
Оставьте первый комментарий