Ош, Бишкек, Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоо күнү белгиленди

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Ош, Бишкек, Токмок шаардык кеңештерин шайлоо 11-июлга белгиленди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жергиликтүү кеңештерге кайталап шайлоону өткөрүү, Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 39, 58-беренелерин негизинде кабыл алынып, 40 күндөн кийинкиге дайындалган.

11-апрелде Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтүп, бирок анын жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*