Быйыл өспүрүм балдардын саны 56 миңге көбөйдү. Инфографика

Сүрөт: T-Media/NARGIZAANARBAEVA

Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 млн. 512 миңди түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 2,3 %га жогору. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети балдарды коргоо күнүнө карата маалыматында билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөдө өспүрүм балдардын жарымынан көбүн же 51 пайызын эркек балдар түзөт.

2020-жылы Кыргызстанда 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын 81 миңи эркек балдар, 77 миңи кыздар. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 19 пайызы никесиз төрөлгөндөр.

Ошондой эле, жыл сайын төрт миңге жакын бала биринчи жолу майыптуулук статусун алышат. Бүгүнкү күндө майыптуулугу бар 32 миңден ашык өспүрүм бар.

2020 — жылдын аягына карата 5,4 миң томолой жетим, 8,3 миң башкалардын камкордугундагы балдар бар. 5,6 миң жеткинчек багып алынган.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери жай мезгилинин биринчи күнү Балдарды коргоо күнү катары белгиленип келет.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 216 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо