Анжиян-Ош багыты боюнча кичиавтобус каттамдары жандандырылды

Өзбекстан Транспорт министрлиги билдиргендей, шейшембиде кыргызстандык «Трансордо» компаниясы заманбап 12 кичиавтобусту жүргүздү. Бул маршрут боюнча рейстер 2019-жылы сентябрда уюштурулган.

1-июндан баштап Анжиян-Ош шаарларынын ортосундагы маршруттук каттам жанданды.

Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу каттамдар токтотулган.

Анжиян менен Оштун аралыгы 45 чакырымды түзөт.

Өзбекстандын Транспорт министрлиги эки өлкө жарандары 72 сааттын ичинде коронавирус инфекциясына ПЧР-тест тапшырышы зарыл экенин белгиледи. Өзбекстан жарандары биометрикалык паспортторду да ала жүрүшү керек.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо