Би-Би-Синин алып баруучусу AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин каза болдубу? Фактчек

Бир катар массалык маалымат каражаттары Би-Би-Си радиосунун алып баруучусу Лиза Шоу коронавируска каршы эмделгенден кийин каза болгонун жазып чыгышты. Ал AstraZeneca вакцинасын алган. 

Маалымат тараткан басылмалар independent басылмасына шилтеме берип, алып баруучу COVID 19га каршы вакцина алгандан бир жумадан кийин катуу ооруп баштаганын жазышкан.

“Т-Медиа” бул маалыматты текшерип көрдү.

Би-Би-Си радиосунун алып баруучусу 44 жаштагы Лиза Шоунун каза болгондугу тууралуу маалыматтар 23-майда таркаганМаркумдун жакындары ал AstraZeneca менен эмделгенден кийин же ийне сайылгандан кийин кан уюп калгандыктан ооруканада дарыланып жатып, жума күнү көз жумганын билдиришкен. Өлүмдүн убактылуу күбөлүгүндө вакцина өлүмгө алып келген факторлордун бири болушу мүмкүн экендиги жана ал кайра изилдениши зарыл деп көрсөтүлгөн.

Англиянын дары-дармектер жана саламаттыкты сактоо өнүмдөрүн жөнгө салуу агенттиги (MHRA) вакцинанын пайдасы көпчүлүк адамдар үчүн тобокелдиктерден жогору турарын билдирген.

Би-Би-Синин кызматкери Лиза Шоу тууралуу убактылуу өлүм күбөлүгүн көрүп чыккан. Ал маркумдун өлүмү боюнча тергөө жүргүзүлөрүн тастыктап, «AstraZeneca Covid-19 вирусуна каршы эмдөөнүн татаалдашкандыгын» билдирген.

AstraZeneca вакцинасынын таасири бул уюган кандарды пайда кылат. Аларды веналык синус тромбозу (CVST) деп аташат, адатта, адамдардын канында тромбоциттердин (уюган кан үчүн чийки заттын) деңгээлинин аздыгы.

Англияда болжол менен 35 миллион доза AstraZeneca вакцинасынан кийин 332 кан уюган учур катталган. Анын 58 каза болгон учуру катталган. Бирок бул бардык  медицинадагы тобокелчилик менен пайданын тең салмактуулугу болуп эсептелип, кан уюп калгандардын саны эмдөө кампаниясынын өзгөрүшүнө алып келген.

Соттук-медициналык тергөө Лиза Шоунун өлүмүнө анын AstraZeneca вакцинасын алгандыгы себеп болушу мүмкүнбү же жокпу изилдеп чыгат.

Ал эми sokol.media колдонгон сүрөт чынында британиялык модель Стефани Дюбуа болуп чыкты.

Жыйынтык: Алып баруучу AstraZeneca вакцинасын алган соң бир нече күндөн кийин каза болгону чын. Бирок, анын өлүмүнүн так себеби изилденип бүтө элек.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо