Бишкек: «Манас» аэропортунун, ИИМдин автобустары элди акысыз ташууда

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин ишке чыкпай жатканына байланыштуу «Манас» эл аралык аэропорту, ИИМ жана «Дордой» ассоциациясы автобустарын убактылуу беришти. Бул тууралуу 3-июнда мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта  кырдаал турукташканга чейин №100 автобус элди акысыз ташый турганы айтылат. Мындан сырткары линияда 110 автобус жана 141 троллейбус иштеп жатат.

Бишкек мэриясы такси кызматынын өкүлдөрүнө кайрылып, жол акыны жогорулатпоону өтүндү.

Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин бүгүн да ишке чыккан жок. Алар эки күндөн бери жол кирени көтөрүү талабы менен иш таштоону улантууда. Мындан улам троллейбустардын иштөө тартиби узарып, таңкы саат 5:40тан түнкү 23:00 чейин эл ташууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо