Кара-Суунун Папан айыл өкмөтүн шайлоо кийинкиге калтырылды

3-июнда Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгына ат салышкан талапкерлер жетиштүү добуш топтой албагандыктан шайлоо кийинкиге жылдырылды. 

Айыл өкмөт башчысы болуу үчүн талапкерлер жергиликтүү кеңештин 21 депутатынын тең жарымынын добушуна ээ болуусу керек. Бирок эч бир талапкер мындай көрсөткүчкө жеткен жок. Папан айылынын жашоочулары айыл өкмөттүн имаратынын алдына топтолушту. Алар депутаттарды сынга алып, «Эл көрсөткөн талапкерди шайлабай коюшту» деп нааразы болушууда.

«Оруспу, татарбы, өзбекпи элди ойлогон адамды шайлаш керек. Депутаттар, силер жалпы Папан элинин тагдырын чече турган айыл өкмөт шайлагыла»,- деди тургундар.

Папан айылдык кеңешинин төрагасы Төрөгелди Тагаев жергиликтүүлөрдүн айтканын четке кагууда. Ал айыл өкмөттү шайлоодо эч кандай мыйзам бузуучулук катталбаганын белгиледи. Бирок кийинки шайлоодо да депутаттар бир чечимге келе албаса, алар мыйзам чегинде таркатыларын кошумчалады.

«Шайлоонун жыйынтыгын көрдүңүздөр, жокко чыгарылды. Бул жерде эл көрсөткөн талапкер бар эле, депутаттар сунуштаганы да бар. Андан сырткары мурунку (азыр) иштеп жаткан айыл өкмөт өзү талапкерлигин койгон. Баары жокко чыгарылды, буйруса экинчи шайлоону өткөзөбүз. Эл көрсөткөн кандидатты шайлап беребиз»,- деди Тагаев.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо