Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү: Кара-Кулжада коомдук саясий абал тынч

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Кара-Кулжа районунун аймагында коомдук саясий абал тынч экенин кабарлады. 

Мекеменин маалыматына ылайык, кечээ экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун тарапташтарынын өтүнүч каты тиешелүү тарапка жиберилгенден кийин наразылык акцияга чыккандар тарап кетишти.

Алар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жазып, катты райондук жана облустук администрацияга тапшырган. Митингге чыккандар Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү жана саясий куугунтукка албоо талабын коюшкан.

Кечээ, 2-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда «Кумтөр иши» боюнча камалган депутат Асылбек Жээнбековдун эки жүздөн ашуун тарапташы митингге чыккан.

Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал Кумтөргө байланыштуу 31-майда эки айга камакка алынды.

УКМК Кумтөр ишине байланыштуу бир нече аткаминерлерге айып койду. Козголгон кылмыш ишинин негизинде Асылбек Жээнбековдон сырткары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул ишке байланыштуу күбө катары көрсөтмө берип чыккан.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин ишмердигин иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен. Ташиев 2-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кумтөргө байланыштуу бир катар чиновниктер, депутаттар мурда иштеп кеткен президенттерди да жоопко тартыла турганын айтты.

1-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Дастан Жумабеков, мурдагы депутат Максат Сабиров да УКМКда сурак берди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо