Баткенде шахта урап, бир киши каза болду

8-июнда Баткен шаарында жайгашкан шахта урап түшүп 20 жаштагы жаран каза болуп, дагы бирөө жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, кырсыктын  жабыркаган адамдын абалы орто. Окуя болгон жерге 11 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.

Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларында мыйзамсыз кара алтынды казгандар да, кооптуу шахталардын да саны көп. Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, шахтада жыл сайын адамдар каза болушат. Бирок мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясы мыйзамсыз казууну токтото албай келет.

Кара алтындын мыйзамсыз казылышы боюнча буга чейин «Т-Медиа» иликтөө жүргүзгөн. Аны төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо