Аида Касымалиева: депутатарды камоо Баш мыйзамга каршы келет

Бүгүн, Жогорку Кеңештин 10-июнундагы жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева депутатарды камоо Баш мыйзамга каршы келерин айтып чыкты.

Вице-спикердин айтымына караганда, жаңы кабыл алынган Баш мыйзам боюнча депутатардын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Эгер, депутат кылмыш жасап жаткан учурда кармалбаса, анда көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн макулдугу менен гана кармоого уруксат берилет.

«5-майда жаңы Конституция кабыл алынды. 1-июнда кармоолор болуп жатат. Жаңы Конституциянын 78-беренесинде депутаттардын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ошондуктан бул баш мыйзамга каршы. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган катары депутаттардын кол тийбестиги жана Баш мыйзамды сактоо боюнча  өзүнүн так нормасын айтып коюшу керек. Анткени Башкы прокуратура кармоолор учурда иштеп жаткан кодекстер менен жүрдү деп билдирип жатат. Жаңы кодекстер келерки жума парламентке кирет. Бирок мындай кырдаалда Баш мыйзам түз иштеши керек»,- деди Касымалиева.

Ал депутатарды кармоо же абакта кармоо мыйзамсыз экендигин, эгерде тергөө жүрүп жатса ал үй камагында же башка жагдайда болуш керек деп кошумчалады.

Атайын кызмат бир катар аткаминерлерге “Кумтөр иши” боюнча “Коррупция” беренеси менен айып койду. Анын алкагында мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев эки айга камакка алынды.

31-май күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров да кармалып, эки айга камалышкан болчу.  Зулпукаров Мыйзамсыз баюуга» шектелип жатат.

1-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Дастан Жумабеков, мурдагы депутат Максат Сабиров да УКМКда сурак берди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо