АКШнын президенти Жо Байден дүйнө үчүн «вакцина планын» жарыялайт

Бул тууралуу президент өзү «Чоң жети» жана НАТО уюмдарынын саммиттерине катышууга, ошондой эле Европа биримдигинин өкүлдөрү жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Европага жасай турганын сапарынын алдында билдирди.

Улуттук-коомдук радио президенттик администрациядагы өз булактарына таянып, Байден СOVID-19га каршы Pfizer компаниясы өндүргөн 500 миллион вакцина бөлүү тууралуу жарыялай турганын кабарлады. Америка өкмөтү сатып алган вакциналар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) берилип, COVAX программасынын алкагында жакыр өлкөлөргө бөлүнүп берилет.

Кошмо Штаттардын бул жардамы быйыл жыл соңуна чейин дүйнө калкынын 20% эмдөөнү пландап жаткан COVAX программасынын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет.

NPR Байдендин планы COVID-19га каршы эмдөө боюнча глобалдык өнөктүктө АКШнын ролу өсүп жатканын көрсөтөрүн белгиледи.

Жакында эле Кошмо Штаттардын президенти вакцина сатып алууда кыйынчылыктарга кабылып жаткан өлкөлөр үчүн СOVAX программасына 80 миллион доза бөлүп берүүнү убадалаган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо