COVID: Кыргызстанга кирүүнүн жаңы алгоритми бекитилди. Талап кылынуучу документтер

Чет элдик жарандар, туристтер үчүн Кыргызстанга кирүүнүн алгоритми иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти кабарлады.

Ага ылайык, башка мамлекеттен келип жаткан кыргыз жарандарына, чет элдиктерге жана ички авиакаттамдарды пайдалангандарга төмөнкү талаптар коюлат:

  • Соңку 72 саат аралыгында коронавирусту аныктаган тест тапшырганы тууралуу маалымдама;
  • Же болбосо COVID-19 илдетине каршы вакцина алганы тууралуу күбөлүк (кагаз же электрон форматта).

Департамент беш жаштан өткөн балдардын ата-энеси алардын коронавируска каршы вакцина алгандыгы боюнча документин алып алышы керектиги кошумчалады.

Эмделген жарандар, анын ичинде туристтер Кыргызстанга 19-июндан баштап аба каттамдары аркылуу, ал эми поезд, автоунаа менен 11-июндан тарта келе баштаса болору белгиленди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо