Исманов: мыйзам бузган талапкерлер кайра эле шайлоого катышып жатат

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгышына себеп болгон, мыйзам бузган  талапкерлер жоопко тартылышы керек. Мындай пикирин депутат Самат Исманов Жогорку Кеңештин бүгүн, 10-июнундагы жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымына караганда, аталган үч шаарда шайлоону кайрадан өткөрүү үчүн 48 миллион сом мамлекеттин эсебинен коротулуп жатат.

«11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жокко чыгарылып, азыр 11-июлга коюлду. Канча деген миллион сом каражат кетип жатат. Айрым саясий партиянын талапкерлери жоопкерчиликке тартылсын да. Кайра эле мурунку талапкер келатышат. Эмнеге мыйзамды бузуп, кайра талапкер болушат? Канча деген акча кайра мамлекеттин эсебинен кетип жатпайбы. 48 миллион сом бул жакшы жагдай эмес»,- деди Исманов.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Ош шаардык кеңешиндеги 45 орунга тогуз партиядан 702 талапкер ат салышкан. Жети пайыздык босогодон «Ата Журт Кыргызстан» «Улуттар Биримдиги», «Ыйман Нуру» жана «Ынтымак» партиялары өткөн.

Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо