Кара-Суу: кайрадан шайланган айыл өкмөт башчысына жергиликтүүлөр каршы болууда

 Кара-Суунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нодир Холисов кайрадан шайланды. Добуш берүүдө аны айылдык кеңештеги 31 депутаттын 19у колдоду. 

Айыл өкмөт башчылык кызматка жалпы төрт талапкер ат салышып, мурдагы айыл өкмөт башчы Нодир Холисов 19, Чыңгыз Мамажунусов 11 добуш алган. Ал эми 3-талапкер шайлоого катышуудан баш тартса, төртүнчүсү бир да добуш алган эмес.

Ал арада шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 50дөн ашык жергиликтүү тургун Нариман айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына чогулушту. Алар шайлоодон жеңип чыккан Нодир Холисов буга чейин жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүргөнүн жүйө келтиришип, шайлоону кайрадан өткөрүүнү талап кылышты.

«Айыл өкмөт жерлердеи жеке менчикке бербей, элге иштеш керек. Алдын-ала депуттарга акча берип шайлатты. Биз качанга чейин ушундай жашайбыз. Мына айыл өкмөттүн абалын карагыла. Нариман айыл өкмөтүнүн чоң потенциалы бар. Бюджетин көтөрсө болот. Булар жеп, ичип эле жүрөт. Жер сатып жатат. Ушуну бир жолго салыш керек эле кайрадан болбоду»,- деди жергиликтүү тургундар.

Айыл өкмөт болуп шайланган Нодир Холисов жергиликтүүлөрдүн айткандарын четке кагууда. Ал коррупциялык иш-аракеттери далилденсе мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

«Депутаттардын баарын эл шайлап өткөргөн. Бардыгы айылдардан шайланып келген депутатар. «Добуш сатып алды» деген сөз болгон эмес. Мен келгенден бери айыл өкмөт дотациядан чыккан»,- деди Холисов.

Айыл өкмөт башчылыкка талапкерлигин койгондордун бири Чыңгыз Мамажунусов Наримандын потенциалы чоң экенин белгилеп, бюджетти көтөрсө болорун айтат. Ал айыл өкмөт жаңыланууга муктаж дейт.

«Нариман айыл өкмөтү экономикалык жана чарбалык жактан өлкөдө эң төмөнкү көрсөткүчтө. Биз экинчи борбор Оштун жанында жайгашканбыз. Бул аябай маанилүү. Ички-тышкы инвесторлор үчүн аябай ыңгайлуу. Нариман айыл өкмөтү үчүн 50 миллион сом бюджет уят нерсе».

Нариман — Кара-Суудагы эң чоң айыл өкмөттөрдүн бири. Анда 16 айыл жайгашып, калкы 50 миңден ашат. Буга чейин аталган айыл өкмөттөгү мыйзамсыз сатылган үлүш жерлер тууралуу биздин телеканал журналисттик иликтөө жасаган. Аны бул шилтемеден көрө аласыз.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо