Садыр Жапаров экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» болду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго бүгүн, 10-июнда Анкара шаарында Түркиянын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Түркиянын соода палаталары жана товардык биржалар бирлигинин президенти Рифат Хисаржыклыоглу Садыр Жапаровго «Ардактуу профессор» наамынын диплому менен мантиясын тапшырып жатып Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу достук мамилелердин ордун белгиледи.

Мантия тапшырылгандан кийин Садыр Жапаров университеттин сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтып, бул наам ага чоң сыймык экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Түркияга болгон расмий иш-сапарынын алкагында түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Андан сырткары Жапаров Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушат, бизнес-форумга да катышат.

Жапаров 11-июнга чейин пландалган сапарында Анкарада иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктарга кезигет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5130 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо