Жогорку Кеңештин депутаты Өзгөнгө мэр болду

10-июнда Өзгөн шаарынын мэри болуп Нодирбек Каримов шайланды. Калаа башчысын шайлоого катышкан 31 депутаттын 17си анын талапкерлигин колдогон.  

Каримов менен катар мэрликке Азамжан Жалилов жана мурдагы мэр Мухтаржан Халматов катталган, бирок Халматов өз талапкерлигин алып койду.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Акыбаев «Т-Медиага» шайлоо мыйзам бузуусуз, санитардык эрежелерди сактоо менен өткөнүн айтты:

«Шайлоо жабык өттү. Эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. 31 депутаттын бардыгы катышып, мэр шайланды. Бирден киргиздик. Медицина кызматкерлери да катышты».

51 жаштагы Нодирбек Каримов Өзгөн районунда туулган. 1993-жылы Алматыдагы технологиялык институттан инженер адистигине ээ болуп чыккан. Эмгек жолун 1993-жылы Өзгөн районундагы Т.Каримов атындагы «Өзгөн дан азык» акционердик коомунда иштөө менен баштаган. Кийин жетекчиликке чейин жеткен. 2013-жылы Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланган. 2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал демократиялык партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Өзгөн шаары Ош облусундагы Өзгөн районунда жайгашкан. Элинин саны 67 миңге жакын.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо