Футбол: Кыргызстан менен Мьянма бүгүн ойнойт

Сүрөт: Кыргыз футбол союзу

Бүгүн, 11-июнда Япониянын Осака шаарындагы «Нагаи» стадионунда Кыргызстан менен  Мьянманын курама командалары беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. 

Оюн Бишкек убактысы менен саат 13:00дө башталат. Беттеште кыргыз курамасынын оюнчулары ак формада ойнойт.

7-июнда Монголия менен беттеште Кыргызстан 0:1 эсебинде жеңилген. Оюнга эки саат калганда кыргыз курамасынан төрт оюнчусу — Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотоев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба коронавируска шек саналып оюнга чыга алышкан эмес. Ага байланыштуу дарбазага коргоочу Айзар Акматов турган.

Кыргыз футбол союзу бул жолку оюнда да команда толук катышаары күмөн жаратып жатканын билдирген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. F тайпасындагы оюндардын баары тең Япониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 216 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо