Футбол: Кыргызстан Мьянманы 8:1 эсебинде жеңди

Япониянын Осака шаарында Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешинде кыргызстандык футболчулар атаандашын 8:1 эсеби менен утуп алды.

Чабуулчу, капитан Мирлан Мурзаев оюндун 45, 60 жана 77-мүнөттөрүндө гол киргизди. Ал эми калган беш голду Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеевдер толуктакды.

Мьянма курама командасынын жалгыз голун Бобо Хлаинг киргизди.

Азырынча F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Япония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарда. Ал эми Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо