Коронавирустан дагы жети киши каза болду, 526 адамга жаңыдан жукту

Акыркы бир суткада коронавирустан дагы жети киши жашоо менен кош айтышты. Каза болгон бейтаптардын алтоо Бишкек шаарында, бирөө Чүйдө. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб маалымдады.

Кыргызстанда 8-июнга карата дагы 526 адам ооруга чалдыкты. Ооругандардын эң көбү Бишкекте катталууда. Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында да илдеттин жайылуу темпи күч.

Жаңы катталган учурлардын 232си Бишкекте, Ош шаарында —101 , Чүй өрөөнүндө  —43 , Ош облусунда —63 , Таласта— 5, Нарында — 9, Ысык-Көлдө—25, Жалал-Абадда — 31 жана Баткен облусунда — 17.

Ошентип, коронавирус катталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда бул ооруга чалдыккандардын расмий эсеби 109 193 кишиге жетти. Алардын 1876сы көз жумду, 102 миңден ашууну сакайды.

11-июнга карата соңку бир күн ичинде COVID-19дан 303 адам сакайып чыкты.

Учурда 1921 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Көз карандысыз медиктер ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны расмий статистикадан көп болушу мүмкүн экенин божомолдошууда. Алар муну ооругандардын баары эле ооруканага кайрылбай, үйлөрүндө өз алдынча даарыланып,  расмий каттоого алынбай жатканы менен байланыштырууда.

Өлкөдө 2021-жылдын мартынан Кытайдын жана Орусиянын препараттары менен эмдөө башталган. Вакциналардын алгачкы партиясы түгөнүп, кезектегисин алып келүү иштери жүрүүдө. Андан тышкары, Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алганы жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5128 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо